Шабдан Молдокматов кикбокс боюнча Европанын ачык чемпионатынын алтын медалын жеңип алды. Бул тууралуу «Гермес Профи» спорт клубунун машыктыруучусу Эрик Воинов билдирди.

Анын айтымында, Мелдеш Хорватиянын Карловац шаарында өткөн.

Белгилүү болгондой, Шабдан Молдокматов — теле алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын кенже уулу.