Уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө өткөрдүк. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Министр уу коргошунду лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга электигин билдирди.

«Биз уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө өткөрдүк. Уу коргошундун дозасын бергенде эң жакшысы, иммунитетти көтөрөт экен. Коронавирус менен ооругандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат экен. Биз уу коргошунду лабораториялык изилдөөдөн өткөрдүк. Анын жыйынтыгын алыш үчүн чоң профессор-академиктерге кайрылдык. Алардын жообун күтүп атабыз», — деди министр.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Лейлекке барып, чек ара чырынан жабыркагандарга операция жасаганы үчүн ыраазычылыгын айтты. «Биз Баткенге барганда ошол жердеги губернатор, ошол жердеги коёнго окшогон акимдер Лейлекке өтө албай турганда, сиз Лейлекте ооруканада жүрүптүрсүз. Жабыркагандарга операция кылып жүргөн экенсиз. Бул кадамыңыз жүрөгүмдү жылыта алды. Сиз хирург катары мыкты экенсиз, бирок жетекчи катары тажрыйба топтошуңуз керек деп эсептейм», — деди ал.


Депутат Сайдулла Нышанов министрдин ишин сынга алды. Эл өкүлү министр коронавирусту уу коргошун менен дарылоо сунушу менен кыргыз медицинасын, жалпы эле өлкөнү дүйнөгө уят кылганын айтты.

«Сиз эми президенттин артына туруп алып күчкө салып жатасыз да. Парламентти тоготпойсуз, жыйындарга келбейсиз. «Керек болсо парламентти кетирем» дейсиз. Бирок бул убактылуу. Мен үч чакырылышта депутат болуп сизден чоң сүйлөгөндөрдү көрдүм бирок аягы жакшы бүткөн жок. Парламент, же сиз (Алымкадыр Бейшеналиев) кетишиңиз керек. Депутаттар, биз ушуга келишибиз керек», — деди Нышанов.