Адамзаттын жашоосунда климаттын орду эбегейсиз чоң ролду ээлейт. Акыркы жылдары токой аянттарынын кыскарышы,  казылып алынган көмүр жана күйүүчү майдын күйгүзүлүшү, иштелип чыккан газдын көлөмүнүн көбөйүшү климаттын өзгөрүшүнө өбөлгө түзүп, дүйнө элинин анын ичинде Кыргызстанды дагы ойго салып жаткан учуру. Акыркы убактарда адистердин айтымында, парник натыйжасын түзүү менен жер кыртышынын кошумча ысышына алып келүүчү газдар абага бөлүнүп чыгып, аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө түрткү болду. Мунун кесепети Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет? Алдын алууда мамлекет кандай кадамдарга баруу керек? Канткенде табияттын соккусунан алдын алабыз бул жаатта алдыда кенен сөз болмокчу.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 7749 мөңгү бар болсо, акыркы жылдары республиканын мөңгү аянттары 15 пайызга азайган. Серепчилердин баасы боюнча, болжол менен 2100-жылы биздеги болгон мөңгүнүн аянты 95 пайызга чейин азайышы ыктымал. Суулардын булганышы, жетишсиздиги ар кайсы жугуштуу оорулардын күчөшүнө түрткү болот. Ошондой эле суунун тартыштыгы азык-түлүк коопсуздугуна да коркунуч туудурушу мүмкүн, себеби, дан эгиндери, мөмө-жемишти өстүрүүгө зарыл болгон өлчөмдөгү суу талап кылынат. Мунун кесепети ички жана сырткы миграция көбөйүшүнө алып келип, суу таңкыстыгын пайда кылат.

Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет?

Кыргызстан бийик тоолуу аймак болгондуктан жер көчкү, кар көчкү, сел жүрүү коркунучу жогору. Мындай пикирин “Жаратылышты коргоонун Кыргыз фонду” коомдук бирикмесинин төрагасы, географ Айдар Бакиев билдирди. Анын айтымында, туруксуз аба-ырайынын кесепетинен климаттык көйгөйлөргө биринчилерден болуп тоолуу өлкөлөр кабылышат. “Күндүн ысышы, кара түтүндүн капташы, парникалык эффект ушулардын баары тоолорго, мөңгүлөргө урунат. Мунун кесепетинен мөңгүлөрдүн эришине алып келет. Андан тышкары Кыргызстандын жаратылыш шартында өзөндөр жапыс жерден жайгашкандыктан суунун бууланышы азыраак болуп, микроклиматты түзө албай калат. Ал эми башка көп мамлекетте өзөндөр тегиз жерде жайгашкандыктан суунун бууланышы жакшы жүрүп, табиятка анчалык деле терс таасирин тийгизе албайт”,-деди Айдар Бакиев.

Ысык аба ырайы жугуштуу ооруларга жол ачат

Өлкөдө акыркы 10-15 жылда табийгат кырсыктарынын саны көбөйгөн. Жылуулук толкуну бир канча эсеге жогорулагандыктан жүрөк-кан тамыр оорулары, дем алуу органдарынын оорулары, анын ичинде астма көбөйгөн. Ден соолугу мыкты адамдар бул шарттарга ыңгайлаша алышат, ал эми улгайган адамдар жана балдар өнөкөт оорулардын козголушу менен жапа чегишет. “Ысык климаттын негизинде кене энцефалити, безгек чиркейи, ошол эле учурда бул кезге чейин республикада эч качан кездешпеген оорулар: сибирь жарасы, чума ж.б. пайда болушу ыктымал. Жүрөк-кан тамыр оорулары, өпкө оорулары көбөйөт. Аба ырайынын кескин жогорулашы “күн нурунун соккусуна кабылууга” жана адамдардын стресстик абалда жүрүшүнө негиз болот. Узакка созулган ысык аптап жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ишмердүүлүгүн жана иммундук системаны начарлатуу менен, оору жана өлүм көрсөткүчүн көбөйтөт”,-дейт медицина тармагы боюнча серепчи Артур Буюклянов.

Климаттык көйгөйдөн чыгуунун жолдору

Кыргызстандын жаратылыш шартына ылайык аба өтө кургак, ошондуктан климат континенталдык, аба ырайы өтө кескин өзгөрүп турат. Мындан улам климаттык көйгөйлөрдөн арылуу максатында тоо аянттарында ийне жалбырактуу көчөттөрдүн түрүн көбөйтүү керек. Бул мөңгүлөрдү сактоонун бир жолу. Мындай пикирин эколог Кубаныч Жусупов айтат. “Бир эле жерге бир түрдүү дарактарды да олтургузууга болбойт, себеби аларда курт-кумурска өтө көбөйүп кетиши мүмкүн. Эгерде ал жерге ар кандай дарактар олтургузулса, андагы курт-кумурскалар экинчи дарактагыларды жок кылуу менен азайтат. Мындай жол менен жаратылыштын өзүнүн тең салмактуулугун кармап турууга болот. Ар бир дарактын тамырынан тартып чокусуна чейин түрдүү курт-кумурскалар жашайт. Мисалы, кайыңда эле анын 20 га жакын түрү бар. Андыктан токойлорду кеңейтсек климатты сактоого кошкон салымыбыз болот эле. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда токойлор кыскарып жатат. Айрым алыскы аймактарда бир дагы түп дарак олтургузбаган айылдарды кезиктирүүгө болот. Калктуу пункттарда жашыл дарактарды, бадалдарды, гүлдөрдү олтургузуу учур талабы”,-дейт эколог Кубаныч Жусупов.

Жаратылышты коргоо ар бирибиздин милдетибиз

Кыргызстан аймагындагы климат жана экологиялык маселелерге кайдыгер карабаган жарандык активисттердин бири, “Экотартип” коомдук уюмунун мүчөсү Баялы Саркулов да бар. Ал коомчулуктун табиятка салкын мамиле жасаганын көрүп кейийт. Эл табиятка таттуу мамиле жасай баштаганда гана климаттык көйгөйлөрдөн аз да болсо арылат элек дейт.

“Чынын айтсам эл дагы деле көп нерсени түшүнө элек экен. Токойлордо бак-дарактарды көз көрүнө кыйып, отун кылып пайдаланганы менен анын ордун толтурууну ойлонуп да коюшпайт. Ач көздүк, атаандашуу, оңой оокат менен шапар тээп жашоого кынык алгандар өтө көп. Бак-дарактарды кыйганын айыптап чыксак  бизди жаман көзү менен карап, биз алардын алдындагы ичкен ашын тартып алгандай сезишет. Табигый байлыктарды жашоо үчүн каражат катары эле каалагандай пайдалангылары келет. Мына ушул сыяктуу  жашоо образынын өнүгүп баратышы климаттык катастрофанын пайда болушунун негизги себеби экенин моюнга албай туруп, эч нерсе жасай албайбыз. Бүгүн ар бир браконьер өзүн корукчу, токойчу, эколог кылып кайрадан тарбиялашы керек. Ар бир кенчи, өндүрүшчү  табиятка каршы өзү жасаган кыянаттыкты өзү ордуна келтириши керектигин түшүнүшү керек. Себеби климаттык, экологиялык катастрофа адам тандабайт.  Баарыбыз бир кемеде баратабыз. Башка жол калбай калды”,-дейт Баялы Саркулов.

Жыйынтыктап айтканда климат менен жаратылыш бири-бири менен тыгыз байланыштагы бир дене сыяктуу нерсе. Ошондуктан бул эки маселени бири-биринен ажыратып кароо мүмкүн эмес. Климатты, жаратылышты, экологияны сактоо боюнча иш алып барып жаткан жамааттык топторду мамлекеттик мекемелер оппонент катары карабай, тилектеш, өнөктөш катары мамиле жасаганды үйрөнүшү керек. Элдик жамааттардын деңгээлин пайдалануу менен гана мамлекеттик кызматкерлер менен элдин арасын жакындатып, маселелердин тезирээк чечилишине жол ачат. Анткени климатты сактоо жалпыбыздын ишибиз. Ага болгон кайдыгерлик чоң жоготууларга, келечек муундарга чоң коркунучту жаратаары турган иш.

КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ