Бишкекте эркек киши көпүрөдөн кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан көпүрөдөн эркек киши кулап кеткен. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.