Мурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Ички иштер министрлиги тарабынан,«Кумтор» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер министр Ө.Бабанов кармалды.

КР УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.