Белгилүү журналист Элмира Мадиева Facebook социалдык тармактагы баракчасына бүгүн Кумтөр боюнча суракка чакырылган мурдагы аткарминерлер тууралуу төмөнкүдөй пикирин калтырган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Кумтөр боюнча лөктөр камала баштады. Чу дегенде Бабанов.
Өткөндө Парламентте депутат Сайдулла Нышанов Камчыбек Ташиевге кимдер камалат, айтып коюнузчу — деп айда жалдыраса болбой, камалганда угасынар — деди эле.
Угула баштады. Кумтөр боюнча суракка чакырылган, камалган бир да чиновникке болушакей, актакей, митингге чыгакей жок.
Эми четинен жооп беришсин. Алтынга азгырылган жаман…» — деп жазган Мадиева.