Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, П.Шубин атындагы борборлоштурулган балдар музыкалык мектеби тарабынан даярдалган “Балдар-жердин жандуу гүлдөрү” аттуу майрамдык иш-чара өтөт.
Иш-чара П. Шубин атындагы борборлоштурулган балдар музыкалык мектебинин концерттик залында саат 11:00 башталат.
Концертке аталган окуу жайдан жалпы 200 гө жакын окуучу катышат. Алар хор коллективдери, комуз, гитара, жетиген ансамблдери, үйлөмө жана урма аспаптар, кыл аспаптар, фортопиано жана скрипкада кол ойноткон окуучулар болот.
Иш-чара өлкөдөгү эпидемиялогиялык абалда эске алуу менен, чакырылган меймандар аралыкты сактоо менен уюштурулат.
Ал эми концерттин эң негизги меймандары Маданият министрлигинин Бишкек шаарындагы кураторлукка алынган мектеп окуучулары жана балдар искусство мектептеринин аярлуу катмардагы жаш балдары болмокчу.
Мындан сырткары, 1-июнь күнү “Балдар менен бир күн” акциясы уштурулуп, ага Бишкек шаарындагы балдар искусство мектептеринин аярлуу катмардагы жаш балдары катышып, министр менен чыгармачылык күнүн өткөрөт. Министрдин бир күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде саат 14:30да башталат. Анда, убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөр боюнча интерактивдүү экскурсия, пластилинден аквариум жасоо мастер-классы, кинозалда Кыргыз Улуттук Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган «Замки на песке» тасмасы көрсөтүлүп, бөбөктөргө министрдин чакан белеги тапшырылат.
Ошондой эле, чакан форматтагы концерттер өлкөдөгү бардык балдардын музыкалык жана искусство мектептеринде дагы уюштурулат.