Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Бурул Аманова Суусамырда 5 киши көз жумуп, жол кырсык болгон жерден табылган  үч барсетка  жана  жоголгон эки барсетканын чоо-жайын ИИМ министри орун басары Октябрь Урмамбетовдон сурады.

Эл өкүлү каза болгон жарандар жердештери экенин, алар бизнесмендер, борборго иштери тууралуу сапарга чыкканын айтты.

“Каза болгон жарандардын жанында  бир барсеткадан 800 000 ашуун каражатты санап такташкан. Ал эми калган эки барсетканы кийин санайбыз деп алып кетишкен. Бирок бул тууралуу маалымат жок болуп жатат. Ошол каражаттарды таап ээлерине кайтарып, ордуна коюп койсоңуздар, жакындары мага кайрылып жатышат”, — деди ал.

Жыйын жүрүшүндө ИИМдин өкүлдөрү учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатканын, ал каражаттар тууралуу иликтөө бүткөндө  коомчулукка маалымат берилерин кошумчалашты.

Эске салсак,  Бишкек–Ош унаа жолунун Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү тилкесинде жүк ташуучу унаа менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 киши каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаадан 3 барсетка акча чыккан.

Эки барсетка акча саналбай кетти. Аны тергөөчүлөр алып кетти. Куткаруучулар акча жоголуп, ызы-чуу болбосун деп ошол жакта жүргөн күбөлөрдүн көзүнчө бир барсетканы санашкан. Ошондо туура 840 миң сом чыккан. Калган эки барсетканы өздөрү менен ала кетишкен.