Дарыгерге келдим эле кезек күткөн айымдар көп экенин көрүп, сыртка чыктым. Бактын көлөкөсүнө отуруп турайын, кезегим келгенде жанагы “эң арты мен” деген сары кыз айтып коер деген ой келди. Карап турсаң кайчылаш тагдырлар, бирөө балалуу боло албай келсе, дагы бирөө боюндагысын алдырганы келет.

Дарыгер бат-баттан кабыл алып жатканга кезек жакындаганда жанагы сары кыз “эжеке” деп кол жаңсап чакырды.

Анын астында кирген келин чыгып сары кыз кирди, бирок көпкө отурду. Менин артымда кезекте турган келин улам телефон чалып баласы менен сүйлөшүп жатты.

— Алоо… алоо… Эмир турдуңбу. Акучу… чайын бер… Ооба … иии барып калам, — деп жатты.

Бир кезде:

— Бул кызды көпкө карады ээ, — деп мага кайрылды.

— Ооба, буга чейинкилер бат эле чыгып жаткан, — дедим.

Ошентип экөөбүз кобураша кеттик. Аябай жакшы келин экен, кара тору, бир аз толмочураак. Аялдар дарыгерге келгенде эле бири-бирибизден дарыгерди, кандай карай турганын сүйлөшөбүз адатта. Ошентип кара тору келин менен дарыгерди талкуулап жатып, эмнеге келгенин сурадым.

— Бир уул, бир кызым бар эже, жолдошум менен эки башка жолго түшкөнүбүзгө бир топ жыл  болду. Өткөн жылы бирөө менен таанышып баш коштук. Башында билген эмесмин, кийин билсем мага чейин көп аялган тура. Ага деле маани бербей жашай бердим. Мага караан болуп, балдарымдын тарбиясына таасири тиер дедим. Бирок апасы такыр келин койбойт экен. Баскан турганыңа кийлигишип, басса-турса кобурана берет. Жолдошумдун айтышынча апасына жакпай улам башкага үйлөнүп жатып,  акыркысы болуп мен туш болуптурмун. Бирок, менден кийин дагы канча аял алары али белгисиз. Бирок алары анык.

Алгач таанышканда апама кыздар оңоюу менен жакпайт деген. Кыздардын өзүнөн го деп ойлогом. Көрсө чын эле апасы келин койбойт экен.

Бир жолу, “апасы, башканын балдарын бакпайм, жогот көзүмдөн” деп урушуп жатканын угуп калдым. Жолдошумдун мага чейинки алган аялдарынын биринчисинде эки бала, экинчисинде бир бала, үчүнчү аялында бир кызы бар экен.

Жакында эле бир эже бир жаш келин менен келип, чуу салып кетти, “кызымдын тагдырын талкаладыңар, балдарга алимент кестирем” деп.

Кыскасы ал үйдө мен элестеткендей түбөлүктү түптөөгө мүмкүн эместей. Алданып калганымды сездим. Балдарымдын атасы эчак башка аял алып, андан ажырашып кеткенин уккам, — деп сөзүн бүтүрдү.

Эмне деп айтаарымды билбей, башымды чайкап карап, оюмду бир жерге топтогончо сары кыз чыгып кезегим келип, дарыгерге кирип кеттим. Он мүнөттөй отурган соң, дарыгер жазган дарылардын тизмегин көтөрүп сыртка чыкттым. Жанагы кара тору келин менден соң кирип кетти. Жол катар үйгө чейин ойлонуп келдим.

Байкуш кыргыздын кыздары кыйын болобуз. Жалдырап, алганга чейин алты айланып алышат да, баланы жаратып багууга келгенде куйругун карматпай кеткен эркектер көбөйдү. Эгер алименттин акчасын жогорулатып, баланы милдеттүү түрдө карай турган кылып мыйзам жазылса, балким ата мээрине зар болгон балдар арабызда азаят беле? Улам  бир  аялды алып, алдыңкыларын жашырып, көп аял алуу өнөкөтү менен ооруган эркектер тыйылар беле деген ойлор мээмди ээлеп алды.

Азыр интернетти ачсаң эле, эркегине наалыган аялдар. Мурдагыдай зыңкыя басып, баланы көз карашы менен башкарган эркектер кайда калган? Биз атамдын кабагын гана карап турчу элек. Үйдө темирдей тартип, тазалык, анан ынтымак болоор эле. Азыр эмнегедир балдарын таштаган, жоопкерчиликтен качкан эркектер көбөйгөндөн көбөйүүдө…