Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн шаарларынын мэрин шайлоо тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл жана Базар-Коргон шаарларынын мэрин шайлоо 18-июнга белгиленди.

Шайлоо саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат. Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 11-майдагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.