Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду эки айга камакка алды.

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү делген депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго атайын билдирме жөнөтүлгөн.

Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жээнбеков менен Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

КР УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактыларга шектелип Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдер кармалган.