Социалдык тармактарда «Кочкордо карыяны автоунаага салып алышып, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз»-деп коркутушуп видеого тарткан жарандар боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Бул факты Кочкор РИИБү тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын өздүгү такталып, алар Кочкор районунун тургундары 1993-жылы туулган Ж.А. жана 1994-жылы туулган М.М. экендиги аныкталган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ошол эле күнү жогорудагы жарандар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Бүгүнкү күндө Кочкор РИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Возможно, это изображение (один или несколько человек и люди стоят)
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы