Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланууда.

Айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен,  ал түндө өзүнүн менчик автоунаасы менен кетип бара жатканда уурдалганын жазышууда.

Жакындары анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышты.

Арызда 1-июндун таңында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн эшигинин алдынан Инандынын «01KG 599AHR» мамлекеттик номерлүү «Lexus 470» үлгүдөгү автоунаасынын эшиги ачылып, ичи бош турганы, анын ээси Орхан Инанды 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экени белгиленген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз.

Теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылган Орхан Инанды Кыргызстандагы жыйырмадан ашуун «Сапат» жеке лицейин, «Ататүрк-Алатоо» университетин негиздеген.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.