Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаардык сотунда «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралууда. Бул тууралуу тарапташтары билдирди.

Учурда Молдокматовдун 30га жакын тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдында бошотулушун талап кылып турат.

Буга чейин 8-майда Жеңиш Молдокматов 264-берене менен 2 айга камакка алынган. Тарапташтарынын айтымында, Молдокматов биринчи 245-берене боюнча айып тагылса, 2 сааттын ичинде 264-берене менен айыпталып, өзгөртүлгөн.

Эске салсак, Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. 

Ал эки иш боюнча сурак берип жатат: биринчиси, 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси, 9- октябрда ачылган кылмыш иши боюнча.