Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров УКМКга суракка кирип чыкты. Анын кайсы ишке байланыштуу сурак бергени белгисиз.

Кечээ, 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бир катар саясатчыларды суракка чакырып, айрымдарын кармады.

Алар: мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев. Саясатчылардын көпчүлүгү «Кумтөр» иши боюнча сурак бергендиги белгилүү болгон.

УКМК, Башкы прокуратура жана ИИМдин тергөөчүлөрүнөн түзүлгөн ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенине байланышкан коррупциялык факттарды иликтеп жатат.

Белгилүү болгондой, Сабиров 2013-жылы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына кирген.