Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал 24.kg маалымат агенттигине өзү билдирген.

Анын айтымында, ага бир күн мурда өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган адам телефон чалып, аны суракка чакырган.

«Ал менден чакыруу кагазын тапшыруу үчүн жашаган жеримди сурады. Мени кайсы иш боюнча чакырып жатышкандыгын тактадым. Кызматкер Кумтөр үчүн деп жооп берди. Менин бул ишке кандай тиешем бар? Мен бешинчи чакырылыштын депутаты болгон эмесмин, өкмөт мүчөсү болгон эмесмин, мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Бүгүн эртең менен мен расмий чакырууну күтүп жатам, бирок УКМКнын кызматкерлери мага жете элек окшойт », — деди Рыскелди Момбеков.