Кечээ, 31-майда кечки саат 21:00 чамаларында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз болууда.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери  “Сапат”эл аралык билим берүү мекемесинин президенти болуп эмгектенип келе жатат.

Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эларалык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана 2003-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Илим жаатында да алгылыктуу ийгиликтерге жетишип келген. Педагогикалык илимдеринин кандидаты.

Эске салсак, Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

Урматтуу мекендештер, бул окуяга байланыштуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар ички иштер органдарына (102) же “Сапаттын” кеңсесине (0550049050) чалып коюңуздарды өтүнөбүз.