Депутат Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымовдун билдирүү таратты.  Ага ылайык Кумтөр боюнча маселелерди парламентте кароодо кандайдыр бир процедуралык бузуулар  аныкталган эмес.

Төмөндө Давран Касымовдун   билдирүүсүн өзгөртүүсүз берилет

«Биз Бишкек шаардык сотуна баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз беребиз.

Депутат Асылбек Шарипович Жээнбековду анын Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган кезде — 2012-жылдагы Кумтөрдү текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын ишмердиги тууралуу иш боюнча камакка алышты.

Белгилей кетсек, Асылбек Жээнбековго Кумтөр боюнча эч кандай айып тагыла албайт, анткени бул маселе боюнча бардык чечимдерди Кыргыз Республикасынын парламенти кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, адамды кайсы бир кылмышка шектүү катары кароо үчүн тергөө органдары иштин фигуранты шектелип жаткан кылмыштын түзүмүн көрсөткөн далилдерди келтириши керек жана анын кылмыштуу аракеттеринин кесепети катары келтирилген зыяны так белгилениши зарыл.

Бирок биз үчүн Асылбек Жээнбеков тарабынан мамлекетке кандай зыян келтирилгени жана анын иш-аракетинен улам кандай кесепеттерге алып келгени түшүнүксүз болуп турат.

Ошондой эле Кумтөр боюнча маселелерди парламентте кароодо кандайдыр бир процедуралык бузуулар да аныкталган эмес.

Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору парламенттин кароосуна тиешелүү комитеттери тарабынан мыйзам менен белгиленген тартипте киргизилген.

Бул маселе боюнча парламент тарабынан чечимдерди кабыл алууда            Төрага Жээнбеков парламенттин регламентин да, башка мыйзамдарды да бузган эмес.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин Төрагасы мыйзам чыгаруучу орган тарабынан коллективдүү кабыл алынган чечимдери үчүн жоопкерчиликке тартыла албайт.

Ал мезгилде Асылбек Шарипович Жогорку Кеңештин спикери болгон жана регламенттин алкагында иш алып барган.

Башкача айтканда, жыйындардын модератору болгон.

Парламент — бул коллегиалдык орган. Бардык чечимдер добуш берүү аркылуу кабыл алынган.

Ошондой эле Кумтөр маселеси боюнча токтом кабыл алынып, КР Өкмөтүнө жөнөтүлгөн.

Ушуну менен парламенттин миссиясы жыйынтыкталган.

Эске салсак, ал убакта, 2012-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочуларынын кайрылуусу боюнча Кумтөрдүн ишмердигин текшерген депутаттык комиссия түзүлгөн.

Парламенттик комиссиянын төрагасы болуп ошол кездеги депутат Садыр Жапаров шайланган.

Андан кийин, депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралып, ушул эле маселе боюнча Мамлекеттик комиссия түзүү  боюнча коллегиалдык чечими чыккан.

Мамкомиссияны ошол кездеги экономика министри Темир Сариев жетектеген.

Бул маалымат ачык булактардан алынды.

Эки комиссиянын тең ишмердиги прессада кеңири чагылдырылган.

Кумтөр маселеси  парламентте 2017-жылы кайрадан көтөрүлүп, ал кезде башка Төрага болгон.

Биз “Коррупция” беренеси боюнча каралган кылмышка Асылбек Жээнбековду шектүү катары кароо негизсиз деп эсептейбиз.

Бул иш саясий себептер менен козголгон, мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Ошондуктан биз Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылабыз.

Айрым медиа булактарында бүгүн Бишкекте Асылбек Жээнбековду колдоо митинги болору тууралуу маалыматтар пайда болгонуна байланыштуу азырынча мындай акцияларды өткөрүү пландалбаганын билдиребиз»,-деген.