«Манас» аэропортунун аймагында ПЦР-тест үчүн ачылган лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2-кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырууга болот.

AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:

— буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда колдонула элек заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 пайыз так жыйынтык берет.

— заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3 499 сом) 4-5 саат үчүн (2 399 сом).

— ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү. (Россия Федерациясынан башка өкөлөргө, анткени компания азырынча «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кире элек).

— ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аккредитациясынан өткөн.

— ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1-кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн.

Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө. Бул компаниянын ПЦР лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт.

АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.