Ушул жумада Монголиядагы түрк мугалими уурдалып, аны өлкөдөн чыгарып кетүүнү пландаштырган, бирок жергиликтүү бийлик буга тоскоол болгон.  Бул тууралуу Нью-Йорк Таймс жазды.

“Бул Түркиянын президентинин 2016-жылы төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталып жаткан диниятчынын шектелген союздаштарын камакка алуу боюнча глобалдык өнөктүгүнүн акыркы эпизоду «деп жазат гезит.

Педагог Вейсел Аксай Анкара төңкөрүштү уюштурган деп айыптап жаткан түрк дааватчысы Фетхуллах Гүлен менен байланышкан эл аралык мектептер тармагын жетектейт.

Жума күнү эртең менен белгисиз адамдар Аксайды баш калаа Улан-Батордогу үйүнүн жанынан кичи автобустун ичине салып кетишкен.

Аксайдын кесиптеши, монгол-түрк мектебин башкарган монгол фондунун башкы директору, монгол  милициясы ага автоунаа жасалма мамлекеттик номурларды жасагандыгын жана ичинде беткап кийген үч адам бар экендигин айткан.

Бир нече сааттан кийин Түркиянын чартердик учагы Улан-Батордун аэропортуна конду. Flightradar24 маалыматтары бул Түркиянын аба күчтөрү башкарган Bombardier учагы болгонун көрсөтүүдө.

Учак жөнүндө белгилүү болгондо, Аксайдын үй-бүлөсү жана достору аэропортко чогулушкан. Түштөн кийин Монголиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, өкмөт учакты жерде калууга буйрук берди.

Тышкы иштер министрлиги Аксайды басып алуу «Монголиянын эгемендигин жана көзкарандысыздыгын бузууга жол берилгис иш болуп калат, ошондуктан Монголия кескин каршы болот» деп билдирди.

Учак Моноголиядан саат 21: 15те Аксайсыз учуп кетти. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал бир нече сааттан кийин бошотулган.