Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолугушту.  Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Садыр Жапаров балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясындагы өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш күнү кантип өтөөрүн айтып берди.

Мамлекет башчысы балдар менен жылуу атмосферада баарлашып, окуулары тууралуу сурап, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди. Президенттин Администрациясынын структурасында балдарды социалдык жактан коргоо боюнча ишти күчөтүү максатында атайын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту түзүлгөнүн маалымдады.

«Жаш муундун бактылуу балалыкта чоңоюп, бекем ден-соолукта болушун жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу биз үчүн маанилүү. Силердин куракта эң негизгиси жакшы окуп, билим алуу зарыл. Өз кесибиңердин билимдүү адиси болуп чыксаңар, алдыңарда бардык эшиктер ачылат, анткени билимдүү адамдын колунан бардык нерсе келет. Келечек силердин колуңарда, силер Кыргыз Республикасынын татыктуу жарандары болоруңарга мен ишенем. Биз болсо силердин бактылуу балалыкта чоңоюп, жашооңордун ийгиликтүү болушу үчүн колдон келген бардык нерсени жас айбыз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров бардык мамлекеттик структураларды, алардын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын балдардын катышуусу менен «ачык эшик күндөрүн» өткөрүүгө жана бардык жарандар үчүн дайыма жеткиликтүү болууга чакырды.

Жолугушууга келген балдар Мамлекет башчысына алдыдагы жайкы каникулдагы пландары, жакшы көргөн сабактары жана мектептеги окуулары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле, өздөрүнүн жеке суроолорун узатышты.

Жылуу атмосферада өткөн баарлашуудан соң Президент Садыр Жапаров балдарды дагы бир ирет майрамы менен куттуктап, аларга белектерин тапшырды.

Возможно, это изображение (3 человека, ребенок, люди сидят, люди стоят и в помещении)

Возможно, это изображение (1 человек, ребенок, стоит и в помещении)

Возможно, это изображение (4 человека, люди стоят и люди сидят)