Кечээ 31-майда, кыргыз-тажик чек арасында, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушуп, чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында,  жасалып жаткан иш аракеттерди талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушууда жетекчилер 28-30-апрелде орун алган окуянын кесепеттерин жоюу, эл арасында кооптонууларды жок кылуу үчүн,  түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгилешти.

Белгилей кетсек, буга чейин аткарылбай келген,  2019-жылдын 18-сентябрындагы эки тараптуу протоколдун  Кыргызстандын Максат, Тажикстандын Овчу-Калача айылдарынын ортосунда милициянын биргелешкен жөө патрулун коюу боюнча пункту макулдашылып, натыйжада эки тараптан тең, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн милициянын жөө патрулу коюлду.

Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы бир катар  маселелерди жеринде чечүү үчүн, чек ара аймактарын бирге карап чыгышты.

Белгилей кетсек эки облус башчысы буга чейинки жолугушууда, чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөрдү кечиктирбей, ыкчам чечип туруу үчүн, жума сайын жолугуп турууну макулдашышкан.