Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде, Жапаров Акылбек Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.