Бүгүн, 1-июнда депутат Рыскелди Момбеков УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти. Ал журналисттерге кайсы маселе боюнча чакырылганын билбей турганын айтты.

Депутат «Кумтөр»  кени боюнча чакырышканын божомолдоду.

«2003-жылы Кыргызстан Кумтөрдөгү үлүшүнөн, 2009-жылы 16 миң га жеринен ажыраган. Мен Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары ушул 2 маселеге басым жасагам. Мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктаганда корутундуга өзүмдүн өзгөчө пикиримди жазгам.

«Корутунду менен толугу менен макул эмесмин, 3 нерсеге каршымын. 2003-жыл менен 2009-жылды кыйгап өтүп, мындайча айтканда чечимдерден аттап өтүп, сүйлөшүүлөргө басым жатасыңар, бул тандалма саясат.

Менин сунушум, «Кумтөрдү» улутташтырыш керек» дегем. Балким ушунун негизинде мени суракка чакырышса керек. Күбө катары суроолору бар экенин айтышты. «Күнөө болгон жерде күбө болот». А бирок бул жакка киргенде күбөдөн күнөөлүү кылып коюп жатпайбы», — дейт депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактыларга шектелип Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров,  экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдер кармалган.