1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев  Красная речка айылында жайгашкан балдар интернатына жана Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык-социалдык стационардык мекемесине барып, өспүрүмдөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктап келди.

Иш-чаранын алкагында министрдин орун басары Красная речка айылындагы балдар интернатынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугуп, аларга ИИМдин атынан алып барган белектерин тапшырып, өз каалоо-тилегин билдирип кайтты. Мектеп-интернатта жалпысынан, 123 мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр жашайт. Алардын ичинен 13 окуучу быйыл окууну бүтүрүп жаткандар.

Андан соң ИИОнун кызматкерлери Беловодскийдеги психоневрологиялык жактан жабыркаган балдардын мекемесине барып, аларга керектүү буюмдар менен таттууларды таркатып келишти. Мекемеде жалпысынан 203 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашайт. Алардын арасында  ата-энеси алып келип таштагандары жана кароосуз калгандары дагы бар.

ИИМ бир нече мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдүн мекемелерин узак убакыттан бери өз камкордугуна алып, материалдык жактан жардам берип келет. Бул жолку балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чарада 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты сарпталды.

ИИМдин Басма сөз кызматы