Бүгүн, 1-июнда Түркияга тиешелүү делген атайын учак Бишкектеги «Манас» аба майданында токтоп турган жеринен Тамчы аэропортун көздөй учкан. Бирок көп өтпөй Бишкекке келип, «Манас» аэропортуна конуп, кайра саат 14:30да абага көтөрүлгөн.

Учактардын учуусун көзөмөлдөгөн атайын сайттан алынган акыркы маалыматтар боюнча, Түркияга тиешелүү делген атайын учак учурда Бишкектеги «Манас» аба майданында токтоп турат. Ал абада 21 мүнөт болуп, Казакстан тарапка учуп, кайра «Манас» аба майданына келип конгон.

«Манас» аба майданы Түркияда катталган бул жеке учак тууралуу азыр комментарий даярдап жатканын билдирди. Алдын ала божомолдор боюнча ал пилотторду даярдоого же окутууга келген учак да болушу мүмкүн.

Булак: «Марал» радиосу