2021-жылдын 1-июнь күнү Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ”Максат” реабилитациялык борборуна барышты.

Реабилитациялык борбор Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-5 айылында жайгашкан. Ал жерде бүгүнкү күндө өз алдынча кыймылдай албай калган 45 бала дарыланып, жашап жатышат.

Балдарды коргоо күнүнүн алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тамак-ашка каражат чогултушту. Ошондой эле демөөрчүлөр милиция кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү болушкан, мисалы, борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин 3-курсунун студенти Абазова Ализа Абдишовна акчасын кайрымдуулукка жумшады. Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен бирге ал балдар үйүнө барууну чечкен.

Бүгүнкү күндө балдардын реабилитациялык борборуна азык-түлүк (шире, таттуулар, печенье, балмуздак, чипсы ж.б.) 10000 сомдон ашык суммадагы жардам көрсөтүлдү. ИИМдин КККнын кызматкерлери мезгил-мезгили менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Максат» балдар борборуна демөөрчүлүк жана башка жардамдарды көрсөтүп турушат.

Мындан тышкары, 1-июнь-Балдарды коргоо күнүндө Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Кыргызстан укуктук ассоциациясы” тарабынан уюштурулган “Кызматташтык-ийгиликтин ачкычы” аттуу укуктук акцияга катышышты. Кыргызстандын клиникалары деген аталышта өттү. Иш-чаранын программасында юридикалык кеңештер, ошондой эле күлкүлүү викториналар, флешмоб жана балдардын оюн-зооктору болду.

ИИМдин Басма сөз кызматы