Бишкек шаарынды акыркы убактарда калааны кара түтүн каптап, шаар тургундарына терс таасирин тийгизип жатат десек болот. Бул албетте абанын булганышына жол берип, климаттык көйгөйлөргө дуушар кылды. Адистердин баамында эгер мамлекет климат маселесин чечүүнүн жолун караштырбаса калктын саламаттыгына, жаратылыштын кыйрашына алып келет. Ал үчүн бардык нерсени алдын алуу маанилүү. 

Бир убакта “жашыл шаар” делген Бишкек шаары учурда, узун туурасынан кеңейип, бийик-бийик үйлөр курулуп, баш аламан курулушка толду. Көчөлөргө унаалар батпай, айтор калааны алыстан караганда ала булут каптаган караанын көрүүгө болот. Албетте, бир жагынан шаар өнүгүп, экинчи жагынан экология бузулуп, климаттык көйгөйлөргө туш болду. КРдин Улуттук илимдер академиясына караштуу Биология-топурак таануу институтунун биохимия жана радиоэкология лабораториясынын жетекчиси Асыркул Мурсалиевдин айтымында, шаардагы абанын бузулушу транспорт жана техникалык каражаттардын тездик менен көбөйүшүнөн улам келип жатат деп эсептейт.

Унаанын көбөйүшү кара түтүндүн капташына жол ачты

“Климаттын өзгөрүшү менен дүйнөдө жыл сайын 10го жакын өсүмдүктүн түрү, жаныбардын жүздөн ашуун түрү жоголууда. Анын ичинде пайдалуу өсүмдүктөр, курт-кумурскалар, канаттуулар бар. Жаратылышта тең салмактуулукту сактоо деген бар, зыяндуу болсо дагы белгилүү өлчөмдө аларды коргоп, сактап калуу керек. Ал эми биздин өлкөдө экологиянын бузулушун изилдөө иштери, климаттык көйгөйлөрдүү чечүү жолдору жай жүрүүдө. Болгону академиянын эки институтунда изилденип жатат. Кыргызстандын жаратылышы тоолуу өлкө болгондуктан экологияны, абаны буза турган негиз жок. Анткени бизде ири өнөр жайыбыз, Союз убактагыдай айыл чарба тармагы жакшы иштебегендиктен, органикалык жер семирткич аз, кубаттуу деле техника жок. Анча мынча эле күнөсканалар гана терс таасирин тийгизбесе сырттан деле абабызды, жер кыртышын булгаган көрүнүш байкалбайт. Болгону шаардын абасын булгаган автоунааны айтсак болот. Алардын көпчүлүгү эскилиги жеткен унаалар. Алар шаардагы экологиялык көйгөйлөрдүн жаралышына себепчи болууда”,-дейт ал.

“Чириген дарактардын ордуна бонсай тигүү керек”

А.Мурсалиев кошумчалагандай, шаардыгы бак-дарактардын эскилиги жетип, чирип шаардын тазалыгын бузгандыктан, алардын ордуна япондордун бонсай дарагын тигип, аларды көбөйтүү керек.

“Мурунтан бери эле Бишкекке бак-дарактардын чоң түрүн тигип алганыбызды айтып келчүбүз. Алар өсүп, мезгили жеткенде чирип, адамдарды басып калып же өмүрүнө коркунуч жаратууда. Айрыкча жай мезгилинде күн ысык болгондуктан, шамал болгондо желди өткөрбөй тосуп калып жатат. Буга байланыштуу эл шаардын четине барып эс алышууда. Учурдагы бак-дарактарга 90 жыл болуп калды. Айрыкча, теректер анын сырты жылмакай болгону менен ичи көңдөй болуп чирийт. Алардын жалбырактары эле канча зыянын тийгизип, шаардын тазалыгын бузууда. Мындан тышкары чирип калган бак-дарактарды курт-кумурскалар дагы көбөйдү. Бул көйгөйдөн арылуу үчүн учурда европалыктар япондордун бонсай деген дарагын тигип, өстүрүшүүдө. Биз дагы аталган даракты тигүүнү азыртан колго алып баштасак, алар жетилип чоңойгончо бир топ жыл өтөт. Ал үчүн чириген кара бактардын, талдардын ордуна аталган даракты өстүрө баштаса шаардын кийинки келечегине чоң пайда алып келмек”,-дейт Мурсалиев.

Дагы белгилей кетчү жагдай, Бишкек шаарынан 10 км алыстыктагы таштанды таштоочу жай бар. Ал 1972-жылы 10 жылдык мөөнөткө ачылган. Бирок, андан бери 50 жылдан ашты. Аны башка жерге көчүрүү маселесин Бишкек шаардык мэриясы али күнгө чейин чече албай жүрөт Эң өкүнүчтүүсү таштандынын тегерек четинде орун алган жаңы конуштардын тургундары оорунун ар кандай түрлөрү менен жабыркашууда.

Эколог: уран калдыктары көзөмөлгө алынууга тийиш

Кыргызстанда дагы бир экологиялык маселе советтер союзунан калган уран калдыктары көмүлгөн жерлер. Бүгүнкү күндө республика боюнча 55 калдык сакталган жерлер жана 85 кенди иштетүүгө жараксыз жерлер бар. Анын ичинен 31 калдык сакталган жерлер жана 25 кенди иштетүүгө жараксыз жерлерде уран калдыктары сакталган. Эколог Кубаныч Жусуповдун айтымына караганда, уран калдыктары көмүлгөн жерлердин көбү адамдар жашаган айылдарга, шаарларга жакын жайгашкан.

“Мисалга ала турган болсок, уран калдыктары көмүлгөн жерлерден Майлуу-Суу шаарын, Миң-Куш, Сумсар, Кажы-Сай, Ак-Түз шаарчаларын айтсак болот. Бир гана Кажы-Сай шаарчасын алсак Ысык-Көлдөн 1,5 км гана алыстыкта сакталып турат. Эгерде жаратылыш кырсыктары болуп кетсе (жер көчкү, суу каптоо, жер титирөө), калдыктары көлгө кошулбайт деп ким кепилдик бере алат. Андыктан ушу калдыктар сакталган жерлер жыл сайын мамлекет тарабынан каралып, кайтарылып, көзөмөлгө алынууга тийиш. Ошондой эле аталган аймактарда жашаган адамдар жүрөк, кан-тамыр, шишик оорулары менен ооругандар көбөйүп жатат. Ал эми авто унаалар тууралуу айта турган болсом, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча бир миллионго жакын унаа бар. Ушунча авто унаадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын бир жылдык эсеби 198 миң тоннаны түзөт”,-дейт эколог.

Райкан Акматова: “Таза суунун тартыштыгынан оорулар көбөйүүдө”

Суу башында туруп, суу ресурстарына бай Кыргызстандын калкы ушул кезге чейин толугу менен таза суу менен камсыз боло элек. Таза суунун тартыштыгынан ар кандай оорулар менен ооруган адамдар күн санап көбөйүүдө. Бул тууралуу “КРнын Президентине жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемесинин жогорку категориядагы дарыгери, терапевт Райкан Акматова билдирди. Акыркы убакта Кыргызстанда таза суунун жетишсиздигинен жугуштуу оорулардын түрү көбөйүп лямблиоз, энтеробиоз, аскаридоз, гименолепидоз ооруларынын саны өсүп жаткандыгын айтат.

“Кыргыз жергебиз таза сууга бай, бул жагынан алдыңкы өлкөлөрдүн катарына киребиз. Бирок, таза суунун жетишсиздиги көйгөйлүү маселелердин бири бойдон калууда. Мамлекеттин байлыгы эл, элдин байлыгы ден соолук. Ал эми ден соолук үчүн суунун ролу чоң. Шаардагы суу түтүктөрүндөгү суулар Бишкек суу канал башкармалыгы тарабынан дыкат көзөмөлгө алынып турат. Ага карабастан түтүктөрдө, арыктарда өтө майда бактериялар бар. Мисалы, биздин өлкөдө лямблиоз оорусу көбөйүп жатат. Ал булганган суу, мөмө жемиштер, жашылча аркылуу жугат. Ал үчүн мөмө жемиштерди сатып алгандан кийин жакшылап тазалап, жууп пайдалануу керек. Бул оору жаш балдарда, чоңдордо бүт эле курактагы адамдарда кездешет. Пайыздык көрсөткүч менен алып караганда аталган дарт менен жаш балдардын 40 пайызы, чоңдордун 10 пайызы жабыркашууда”,-деди Р.Акматова. 

Айтор, экологиялык көйгөйлөрдү, климаттык маселелерди айтып отурса бизде абдан эле көп. “Жаратылыштын эң биринчи душманы – адам” дегендей жаратылышка душман болбостон, ага аяр мамиле жасап, ар бирибиз айлана-чөйрөгө көңүл буруп, ажайып Ала-Тообузду сактап калышка салымыбызды кошолу.

КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ