Бүгүн, 2-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 272 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1147 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 362 куб метрге жетүүдө.