Бишкек мэриясы коомдук транспорттун баасын көтөрүү боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу борбордун муниципалитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Экономика жана каржы министрлиги кечээ бизге оң жооп берди, бүгүн биз Бишкек шаардык кеңешине токтомдун долбоорун сунуштап жатабыз. Алар тарифтер маселесин карап, акыркы чечимди кабыл алышат», — деп түшүндүрүштү мэриядан.

Эске салсак, 2021-жылдын 18-январында борбор калаада айдоочулар шаардагы коомдук транспортто жол кирени көтөрүү талабынан улам коомдук транспорттор токтотулган.

20-январда Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Балбак Түлөбаевдин маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушуусу уюштурулуп, жыйынтыгында бир жүргүнчүгө жол кирени төмөнкү өлчөмдө белгилөө сунушталды:

троллейбус — 10 сом;

автобус 10 — сом;

маршруттук такси — 15 сом.

Буга байланыштуу мэрия “Бишкек шаардык кеңешинин транспорт жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты.

Маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаганы боюнча Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы, төмөнкүлөрдү билдиришти.

«Иш таштаган маршруттук таксилердин айдоочулары саат 11:00дө ишке чыгат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдиришти Транспорт башкармалыгынан.