Экс-премьер Өмүрбек Бабанов Биринчи май райондук сотуна алып келинди.

Бүгүн анын бөгөт чарасы каралат.

«Бул башаламандык, бардыгы абсурд. Мен Кумтөрдөн 16 миңди (гектар) мамлекетке алган жалгыз өкмөт башчымын. Толугу менен абсурд. Түшүнүксүз иш болууда. Кудайым буюрса сотто жакшы чечилет деп ойлойм», — деди Бабанов.

Журналисттердин «муну саясий чечим деп ойлойсузбу?» деген суроосуна саясатчы соттун чечимине баа берилерин белгиледи.

Эскерте кетсек, Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Өмүрбек Бабанов жана экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев 31-майда УКМК тарабынан кармалган.