Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан Италиянын Президенти Сержио Маттарелланы улуттук майрамы Италия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасы ар тараптуу кызматташуу үчүн чоң потенциалга ээ. Биздин тыгыз байланыштар эки элдин кызыкчылыгында дагы да бекемделет деп ишенем. Президент Садыр Жапаров Серхио Маттареллага чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Италия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады», — деп жазылат маалыматта.