Бүгүн Бишкекте Түркия элчилигинин жанында митинг өтүп жатат. Учурда элчиликтин алдында  31-майда дайынсыз жоголгон Орхан Инанды табууну талап кылган 60тай адам бар.

Митингчилердин айтымында, эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти уурдалган, алар уурдоого Түркиянын атайын кызматтарынын тиешеси бар деп эсептешет.

Кыргызстандын жараны, бирок теги боюнча түрк болгон жарандын жоголушу боюнча расмий Анкаранын дипломатиялык өкүлчүлүгү бул окуя боюнча эч кандай реакция жасай элек.

Жактоочу  Зоотбек Кудайбергенов буга чейин тастыкталбаган маалыматтарга караганда, Орхан Инанда Бишкек шаарында күч менен кармалып тургандыгын айткан.

Эске салсак, Орхан Инанданын жүргөн жери 31-майдан бери белгисиз. Акыркы жолу ал ошол күнү саат 18.00 чамасында байланышка чыккан. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында тергөө-ыкчам тобу түзүлдү. Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси аны издөөгө жардам сурайт.

Президент Садыр Жапаров  УКМКга жана Ички иштер министрлигине Кыргызстандын жаранын табуу боюнча тергөө-оперативдик чараларын күчөтүүнү тапшырды.