Юстиция министринин орун басары болуп Орозбек Сыдыков дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Юстиция министри Асел Чынбаева кечээ, 1-июнда министрдин жаңы орун басарын Юстиция министрлигинин жамаатына тааныштырды.

Орозбек Сыдыков  1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында туулган. 2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган. 2015-2017-жылдары Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча магистр даражасын алган.