Июль айында Бишкекке газ менен жүрүүчү 350 автобус келет. Бул тууралуу маалымат жыйынында борбор калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков билдирди.

Ал май айында Бишкек шаарынын мэриясы менен “Эко жүргүнчүлөрдү ташуучу компания” ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгын эске салды.

 Аны алып келүү боюнча меморандумга мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасынынын жетекчилиги 11-майда кол коюшкан.
Меморандумга ылайык, ишкана бир жыл аралыгында борбордук каттамга Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жапониялык ISUZU үлгүсүндөгү 350 экологиялык, газ жана күйүүчү май менен иштеген автобустарды жеткирүүнү милдеттендирилген. Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына ушул жылдын 1-июлуна чейин чыгат.