Маршрутка айдоочулары менен каттамды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшсөк, тарифти көтөрмөйүнчө ишке чыкпайбыз деп жатышат. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйында билдирди.

«Мен жарым саат-бир саат мурда маршрутка айдоочулары менен жолуктум. Алар өзүбүз чечим кабыл алалы, тарифти көтөрүү боюнча токтом долбоорун бекитип бергиле, болбосо ишке чыкпайбыз деп жатышат. Мен аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баары мыйзамдын негизинде чечилерин айттым. Бирок алар жол кирени кымбаттатуу боюнча токтом долбоорун мыйзамсыз эле бекитип бергиле деп жатышат», — деди Акылбеков.

Мындан сырткары, ал айдоочуларга кайрылып, жөө адамдарды акысыз алып кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттамга чыккан. “Манас” аэропорту элди ташуу үчүн 4 автобус бөлүп берди.