Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети коомдук ишмер Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу боюнча чукул кайрылууну тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөттү.

Кайрылуунун тексти:

2021-жылдын 31-майында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти, белгилүү агартуучу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалынын ээси, коомдук ишмер Орхан Инанды Бишкек шаарында белгисиз кишилер тарабынан уурдалып кетти. Ушул убакытка чейин кайсы жерде экендиги дайынсыз болууда. Үрөйдү учурган кабар желдей тарап, кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салды. Жарандык коом, билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдер, миңдеген бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери тынчсыздануу менен кайрылышып, бийликтен чечкиндүү кадамдарды талап кылууда.

Кылмыштуу окуя эл аралык ЖМКларда да талкууга алынып, кабарлардын биринчи сабынан орун алды. Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да реакция кылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

Роза Айтматова баштаган кыргыз интеллигенциясы да тынчсыздануусун билдирип, өлкө жетекчилигинен аман-эсен табуу багытындагы иш-аракеттерди мындан да ыкчам жүргүзүүнү улантууга чакырышты.

Коомдун көрүнүктүү, алдыңкы өкүлдөрүнүн Президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуусунда белгилегендей, Орхан Инандынын тагдыры маселеси анын керт башы менен гана чектелбестен, Кыргызстандын эгемендиги менен да тыгыз байланыштуу. Алардын айтымында эч бир сырткы күч эгемен Кыргызстандын билим берүү тармагына зор салым кошкон, кадыр-барктуу педагог инсандын, кыргыз жаранынын беделине жана өмүрүнө шек келтирбеши керек.

2021-жылдын 11-апрелинде жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинде: «Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде жана өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылат. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес», — деп ачык-айкын жазылган. Биз, Конституцияны укук үстөмдүгүн, адилеттикти жана теңдикти камсыз кылуу максатында кабыл алганбыз.

Ошондон улам, жаңы Конституция жана жаңы бийликке көрсөтүлгөн ишенимди жокко чыгарууга эч кимдин акысы жок. Чаламандын чак түшүндө өлкөбүздүн борборунда орун алган бул бир чети кылмыштуу, бир чети резонанс жараткан окуяны иликтеп, чыныгы жагдайды ачыкка чыгаруу — тиешелүү укук коргоо органдарынын милдети.

Коомчулукта чет өлкөлөрдүн кийгилишүүсү менен ишке ашканы боюнча божомолдор айтылууда. Эгер, божомол тастыктала турган болсо, мамлекеттин негизги милдеттерин бири: чет өлкөлөрдөгү зордук-зомбулуктан жарандарыбыздын укугун коргоо боюнча Министрлер кабинети чечкиндүү кадамдарга барууга тийиш.