Бишкекте кичи автобустарга байланыштуу кырдаалдан улам Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери шаардыктарды үйлөрүнө алып кетишти. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери улгайган адамдарга жана балалуу аялдарга жардам беришет.

«Бүгүнкү күндө маршруттук таксилердин айдоочуларынын көпчүлүгү жумушка чыккан жок, буга байланыштуу Патрулдук милиция улгайган адамдарга жана балалуу аялдарга үйгө жетүүгө жардам берет.

Аялдамаларда эл көп бар. Автобустар менен троллейбустарга эл батпай жатат. Андыктан Патрулдук милиция бардык айдоочуларга кайрылып, эгерде мүмкүнчүлүгүңүз болсо жана унаада орун тапсаңыз, жүргүнчүлөрдү алып кетүүгө чакырат.”

Бүгүн эртең менен маршруттук таксилердин болжол менен 70 пайызы линияга чыккан жок. Айдоочулар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда.