Жаӊы кодекстер, алардын нугунда иш алып баруу коомдо талкуу пикир жаратып, учурдун урунттуу темаларынын бири болуп турат. Ушул багытты негиз кыла Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Катчылыгынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, милициянын полковниги Коомбаев Абдиш Абазович менен кеӊири маектештик. Маектешим, буга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Жаза аткаруу мамлекеттик  кызматынын башкы штабдарын жетектеген. Юридика илимдеринин доктору, 120дан ашык илимий, илимий-практикалык жана окуу-методикалык эмгектердин автору. Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, «Россиянын Ички иштер министрлигинин илимий порталы» илимий-практикалык журналынын редколлегиясынын мүчөсү.

 

-Абдиш Абазович, кеп башатын өз нугу менен баштайлы, эмне үчүн юрист адистигин тандап жана кандайча ички иштер тутумуна кирип калдыңыз?

-Мен орто мектепте, тагыраагы Фрунзе шаарындагы №1 мектеп-интернатында окуп жүргөндө КМУУнун юридикалык факультетине тапшырам деген максатым бар болчу. Бирок, Совет мезгилинде юридикалык факультетке эки жылдык иш стажысы менен же Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин гана кабыл алынчу. Ошондуктан, мектептен кийин мен Фрунзедеги Советтик Соода техникумунун юридикалык бөлүмүнө киргем. Советтик армиянын катарында кызмат да өтөп, андан кийин юридикалык факультетке тапшырдым.

1990-жылы техникумду аяктагандан кийин комсомол комитетинде, андан кийин райондук мамлекеттик администрацияда юрист болуп эмгектендим. 1992-жылдын июнь айында Сокулук РИИБнын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү болуп иштей баштадым.  Биринчи күндөрдөн баштап мага кылмыш окуя болгон жерди карап чыгуу, тергөө иштерин жүргүзүү жагдайлары, ыкчам жана башка кызматтардын кызматкерлери менен биргеликте кылмыш жасаган адамдарды табуу жана издөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү кызык болду. Бул  бир жагынан оор, жоопкерчиликтүү, экинчи жагынан чыгармачыл иш эле. 1996-жылдын жыйынтыгы менен «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мыкты тергөөчүсү»-деп табылдым.

Ийгиликтердин жемиши менен 1997-жылы Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын башчынын орун басары, кийинки жылы тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалдым. Андан кийин, Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана  Борбордук Ички иштер башкармалыгынын ар кандай кызматтарында иштеп, бир катар жетекчилик кызматтарда эмгектендим.

2004-жылы Ички иштер министрлигинин Академиясынын адьюнктурасына  көрсөтүлүп, бирок убакыттын тардыгына байланыштуу, Академияга убагында келе албай, бир да илимий макала жазууга убактым болгон жок. Ошондуктан, кийинки жылы Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Башкаруу академиясынын адьюнктурасына тапшыргам.

-Эмне үчүн күтүлбөгөн жерден илим менен алектенүүнү чечтиңиз жана илим жолунда ийгиликти багындыруу түйшүгүн айтсаӊыз ?

-Чындыгында, жандүйнөмдөгү чыгармачыл башаттар бала кезимден бүчүр алган. Ыр жазып, сүрөт тартып, алар ар кандай журналдарга, гезиттерге жарыяланып турган. 13 жылдан ашык убакытта тергөө бөлүмдөрүндө иштегенимде мен ошондой эле кылмыш процесстин көйгөйлүү маселелерин изилдедим. Кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө боюнча статистика бар болчу, атүгүл процесстин катышуучуларынын негизги кызыкчылыгы  корголбой, кылмыштардын бети ачылбай калганы боюнча конкреттүү мисалдар бар эле. Бирок, Москвага келгенимде, диссертациялык изилдөөм үчүн туура теманы тандап алуу татаал болду. Себеби, мен ойлогон кылмыш жана кылмыш-процессуалдык илим жаатындагы, ошол эле учурда криминология, криминалистика жана ыкчам-издөө иш-аракеттери-ушул көйгөйлүү маселелердин бардыгы мурда иликтенип бүткөн экен.

Ошол учурдагы Россия Академиясынын кафедра башчысы Кустов Анатолий Михайловичтин сунушу менен илимдин доктору, профессор Божев Вячеслав Петрович  илимий жетекчим болууга макул болду. Ал киши Россия Федерациясынын илиминин эмгек сиңирген ишмери, академик болчу, бир сөз менен айтканда, СССРдин жана Россиянын кылмыш процессуалдык илиминин «атасы» эле. Көпкө чейин китепканаларды кыдырып жүрүп, теманы тандап, кылмыш иши козголгондо жабырлануучу жөнүндө жазууну чечтим. 2008-жылы юридика илимдеринин талапкери  үчүн кандидаттык диссертациямды коргоп, 2014-жылы кылмыш процесси, криминалистика жана оперативдик адистиги боюнча юридика илимдеринин доктору үчүн «Кылмыш-жазык процессиндеги инсандын абалы » деген темада ишимий ишти ийгиликтүү коргодум.

-Түйшүктүн артында натыйжа болот эмеспи. Докторлук даражага ээ окумуштуу тажрыйбасын кайда, кантип бөлүштү?

-Докторлугумду жактагандан кийин Москвада калып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүндө иштеп, ал жактагы мигранттарыбыз, Россиянын полициясы, прокуратура кызматкерлери жана соттору менен тынымсыз байланышып турдум. Компетенциямдын чегинде Кыргызстандан гана эмес, Борбордук Азиядан келген мигранттардын көйгөйлүү маселелерин чечтим. 2016-жылы Кыргызстанга кайтып келип ИИМнин башкы штабында иштеп, ошону менен катар Кыргыз Улуттук университетинин жана Кыргыз мамлекеттик  юридикалык  академиясында да сабак берип калдым.

Бүгүнкү күндө 120дан ашык илимий, илимий-практикалык жана окуу-методикалык эмгектердин авторумун. Россия академиясынын мүчө-корреспонденти, «Россиянын Ички иштер министрлигинин илимий порталы» илимий-практикалык журналынын редколлегиясынын мүчөсүмүн.

-Сиз Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Ички иштер министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында Башкы штабтарынын башчысы, сыяктуу ар кандай кызматтарда иштеп келе жатасыз. Тажрыйбаңыздан  укук жаатында көйгөйлөрдү көбүрөөк көрүп турсаңыз керек?

-Москвада жүргөндө, илимий чөйрөдө жүрүп, практикадан, чындыктан бир аз алыстап кеткенимди мойнума алууга тийишмин. Илимде, мен жогоруда айткандай, бир топ изилдөөлөр бар, айрыкча юридикалык илимде, алардын саны көп жана ар тараптуу. Жеке адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого байланышкан, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жана башка көптөгөн идеялар жана сунуштар бар. Бирок, илимий жактан негизделген болсо да ар кандай идеяны ишке ашыруу үчүн тиешелүү каражат керек. Кыргыздарда жөнөкөй, жакшы накыл сөз бар, “Жуурканыӊа карап бутуңду сун”-деген. Ошондуктан, ар кандай Батыштагы же башка өлкөлөрдөгү институттарды мыйзамдарга киргизе берип, биздин республиканы эксперименталдык талаага айландыруунун кажети жок. Албетте, идеалдуу кооз ченемдик көрсөтмөлөрдү жана мыйзамдарды ар бир адам жаза алат, бирок биринчи кезекте соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр жана алгачкы текшерүү органдарынын кызматкерлери аларды жүзөгө ашырууга даяр болушу керек жана алар бүтүндөй коом үчүн түшүнүктүү, жөнөкөй элдин купулуна толгон болушу кажет.

-Учурда жаңы негизги мыйзам кабыл алынды. Жаңы кодекстердин долбоорлору иштелип чыгып талкууга илинди. Сиз ушул боюнча илимий чөйрөнүн өкүлү,  юрист-практик жана ички иштер органдарынын кызматкери катары эмне айта аласыз?

-Жаңы негизги мыйзам кабыл алынды. Ал эми, Жазык, жазык-процессуалдык жана Жазык аткаруу кодекстери, ошондой эле, Административдик укук бузуулар кодекстери талкууда. Ушуга байланыштуу, жаңы негизги мыйзамдын ченемдерин талкуулоонун азыр эми кажети жок, кандайча ишке ашат, аны убакыт көрсөтөт. Бирок,  жаңы кодекстерге келсек, кылмыш-жаза саясатынын жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун негизги багыты туура болууга тийиш деп эсептейм. 2019-жылы Кылмыш-жазык циклиндеги жаңы кодекстердин ишке кириши менен белгиленген ушул багыттагы радикалдуу реформанын өзөгү боюнча талаш-тартыштар жана илимий практикалык полемикалар ушул күнгө чейин токтобой келет. Бул кодекстердин долбоорлору мыйзам чыгаруучулар жана укук коргоо кызматкерлери, ошондой эле академиялык чөйрө жана жалпы коомдун ой жүгүртүүсү, укуктук аң-сезимдин түп-тамырынан бери өзгөрүүсүн талап кылат. Ачык атйканда аларда бекиген укук ченемдер ар бир жарандын жашоосунда дайым кезигишип, кызыкчылыктарына түздөн түз тиешелери бар.

Албетте, бул Кодекстерде көптөгөн жакшы идеялар жана институттар бар, бирок менин оюмча, биздин менталитетке жана укуктук-практикалык чындыкка туура келбеген өтө орой ченемдер жана мамилелер да жок эмес. Мисалы, учурдагы мыйзамдарга ылайык, кылмыш-жаза укук бузуулары кылмыштар, жоруктар жана бузуулар болуп бөлүнгөн. Балким, бул жаман эмес, мындай идеяны Москва мамлекеттик университетинин профессору Леонид Витальевич Головко 2011-жылы, ал Кыргызстандагы укуктук саясатты иштеп чыгууда эл аралык эксперт катары катышкан кезде эле сунуштаган.

Бир эле мисал, жарандардын 10 миң сомго чейинки мүлкүн уурдоо жосунсуз жорукка киргизилген. «Ууру кайталап кылмыш кылган болсо»,  дагы ушул суммадан ашпаган суммадагы мүлктү 100 жолу уурдап алса да, ал соттолгон деп эсептелбейт, айып пул менен кутулат. Ал эми, бул сумма кимдир бирөөлөр үчүн акча эмес болсо, кай бирлер үчүн чоң акча.  Акыркы статистикага ылайык, биздин республикабызда калктын көпчүлүгү жакырчылыктын чегинен төмөн экендигин жакшы билебиз.

Кылмыш процесстерине токтолсок, кылмыштар жөнүндө арыздарды электрондук каттоонун киргизилиши менен кылмыштарды тергөө мөөнөтү алынып салынган, ыкчам-издөө иш-чаралары менен тергөө (атайын) иш-аракеттеринин ортосундагы чек ара өчүрүлгөн. Мен дароо эле айта кетишим керек, илимий көз караш менен алганда, жазык-процессуалдык  илим багытынан түздөн түз бөлүнүп чыгып, өз алдынча көз карандысыз багытты көздөгөн, тергөө амалдарын жүргүзүү ыкмаларын, тактикасын аныктоочу жана алдын ала текшерүү, кылмыштуулукту ооздуктап алдын алууга багытталган криминалистика жана ыкчам-издөө; изин суутпай издөө иштерин уюштуруу жана жүргүзүү багыты боюнча илимдер бар. Алар ошол илимде бир шрифте 12.00.09 менен белгиленип турат.

-Сизди илим менен практиканы өз ишмердүүлүгүндө айкалыштырган адис десек жаӊылбайбыз. Демек, сиздей дасыккан адистер тиешелүү тармактын көйгөйлөрүн талдап, керек болсо изилдөө жүргүзүп, аларды чечүү жолдорун сунушташы керек эмеспи.

-Мен кылмыш процессинин, анын ичинде укук коргоо органдарынын биринчи негизги милдети — кылмыштан жапа чеккен адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо деп эсептейм. Демек, жаңы кодекстердин ченемдеринин колдонулуу мезгилиндеги маалыматтар көрсөткөндөй, эгерде биз алдан ала текшерүү органдарынын укуктарына ыкчам-издөө ишин киргизбесек жана реанимациялабасак, б.а. оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерине таасир этпеген ыкчам-изөө иштерин алдын текшерүү органдарына жүргүзүүгө укук бербесек, анда өлкөнүн катардагы мыйзамды сактаган жарандарынын ишенимин актай албайбыз. Анткени, оперативдүү маалыматтар боюнча, ачык жана жашыруун кылмыштардын дээрлик 90% ы, өзгөчө оор кылмыштардын 30%дан  ашыгы ачылат. Изин суутпай иликтөөдө кылмыштардын 30 пайызы гана ачылат.

Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу топторго каршы туруу жана ага каршы күрөшүү, экстремизм, терроризм жаатындагы кылмыштарды табуу жана ачыкка чыгаруу, ошондой эле коррупцияга байланыштуу, баңги жана психотроптук каражаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү боюнча кызматтар же алдын ала текшерүү органдарынын ишмердүүлүгүнүн багыттары деморалдык мүнөзгө ээ болуп калды. Анткени, алар фактылардын негизинде эмес, тескерисинче, ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруу менен; кылмыштуу топтордун; ага тиешеси бар адамдын үсүнөн иштешет . Эң негизгиси, адамдарды издөөнү уюштурууда же Интерпол аркылуу тапшырма келгенде, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн Министрлер Кеңешинин алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларын уюштуруу боюнча буга чейин кол коюлган келишимдеринин алкагында коңшу мамлекеттер менен кандайча өз ара аракеттенебиз, белгисиз?

Дагы бир маанилүү жагдай, жаңы долбоордо Кылмыш ишин козгоо баскычы, аны менен кошо Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу институтун жана тергөөгө чейинки алдын-ала текшерүү баскычы да киргизилип, ал текшерүү иштери Жазык процессуалдык кодексинин алкагында 10, кээде 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт деп долбоордо киргизилген.

-Сөзүӊүзгө аралжы, илимде дагы, иш жүзүндө дагы ушул маселелерге байланыштуу чечилбеген суроолор жана полемикалар көп эмеспи…

-Туура белгиледиӊиз, эгер биз тергөөгө чейинки текшерүүнү жана иш козгоодон баш тартуу институтун киргизсек, анда биринчи кезекте кылмыш курмандыктары үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонушубуз керек. Менин оюмча, арыз ээсинин же жабырлануучунун статусу Жазык-процессуалдык Кодексте так аныкталууга тийиш.  Анткени, биз тергөө алдындагы текшерүү болгон учурда жана кылмыш ишин козгоодон баш тарткан чакта жакшы билебиз, жабырлануучу ушул этаптарда жана жагдайларда эч кандай расмий процесстик укуктарга ээ болбой, анын кызыкчылыктары процесстин сырткары калып, колголбой калат.

Мындан тышкары, мурдагыдай эле, кылмыштар жөнүндө катталган билдирүүлөрдүн дээрлик 60-70 пайызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, андан кийин тергөөчүнүн мындай чечиминин 20пайызы прокурор же сот тарабынан жокко чыгарылат, ал эми кээ бири алардын кылмыш ишин козгоо менен коштолот. Ушул убакытта жабырлануучунун кызыкчылыгын ким жана кантип коргой тургандыгы белгисиз. Суроо ачык бойдон калууда.

Мындан тышкары, жаңы Жазык-процессуалдык Кодексинин долбоорунда жазык сот өндүрүшүндө жарандык иш-аракет институту алынып салынган. Жабырлануучунун доо арызы кылмыш ишинин алкагында каралышы керектиги илимий жактан негизделген жана далилденген, айрыкча келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталгандан кийин тигил же бул зыян келтирүү фактысы ар бир кылмышкердин далилдөө предметине кирет. Ошол эле учурда, биздин бул долбоорлорду иштеп чыгуучулар, менин оюмча, мурункулардай эле, жабырлануучуларга карата ашыкча, тактап айтканда ишке азырынча ашыра албай турган укуктук мүмкүнчүлүк берген ченемди калтырып жатышат (ЖПКнын 40-беренесинин 10-бөлүгү). Кылмыштан келтирилген зыяндын ордун Мамлекеттик адистештирилген фонду аркылуу төлөө каралган. Бул 1990-жылдан бери көптөгөн илимий изилдөөлөрдө камтылган жакшы идея. Мындай каражаттар Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө бар, алар жарым-жартылай Жазык-процессуалдык кодексинин ченемдеринде жана Казакстандын тажрыйбасында жүзөгө ашырылат. Бирок, биз реалдуу болушубуз керек. Өлкөбүздүн экономикалык абалын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу зарыл.

Аталган Жазык-процессуалдык Кодексине мындай ченемдер  киргизилгенден бери Ички иштер министрлиги ченемдик укуктук базаны иштеп чыкты, бирок, арийне, эки жылдан бери, каржы булактарынын жоктугунан бул норманы кабыл алышкан жок. Бул жөн гана утопия, бул дагы Жазык -процессуалдык кодексинин «өлүү төрөлгөн нормасы» болуп кала берет. Андыктан, мындай жакшы ниетти кийинчерээк, мамлекетте ушундай мүмкүнчүлүк пайда болгон учурга, ишке ашыруу керек деп эсептейм.

Көз карандысыз сот тутумун институционалдаштыруу жөнүндө айта турган болсок, ал төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлүшү зарыл: а) сот өндүрүшү (процесстик компонент); б) сот тутуму (уюштуруу компоненти); в) судьянын статусу (жеке компонент). Кыскача эки нерсени белгилеп кетким келет.

Биринчи, мыйзамдар, кодекстер окуу китеби эмес. Алардын нормалары иш жүзүндө көйгөйлөрдү минималдаштыруу үчүн реалдуу кырдаалдан чагылдып туруусу абзел. Экинчиден, жазык, жазык процессуалдык жана жазыктарды аткаруу саясатын жана жүрүшүн тез-тезден өзгөртүп, жаңы институттарды киргизүү же аларды жоюу менен биз укук коргоо органдары, практика жүзүндө ишке ашырып, ушул укук-ченемдик актылар менен түздқн түз иштеп, анын нормаларын күнүгө иш жашоо жүзүндө ишке ашарып жаткан кызматкерлер үчүн «эскалацияны» жаратпашыбыз керек. Менин оюмча, ар бир мыйзам долбоору кеңири коомдук талкуудан өтүшү, бул маселедерди талкууда жана чечүүдө илим менен практика айкалыштырылышы керек. Практика ченемдик карама-каршылыктарды жана укук коргоо органдарынын көйгөйлүү маселелерин аныктап, ал эми илим ар дайым аны коштоп, керек болсо изилдөө жүргүзүп, аларды чечүү жолдорун сунушташы зарыл.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы