Маршруттук таксилерде жүрүү тарифтерин көтөрүү маселеси сентябрь айында чечилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Мэр Бактыбек Кудайбергенов ассоциациялардын жана маршруттук таксилерди ташыган компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү. Алар бир эле суроого тынчсызданышты — кичи автобустардын жол кире акысы канча убакыттын ичинде көтөрүлөт?

Кудайбергенов мыйзамда белгиленген жол-жобо бар экендигин белгиледи. Анын айтымында, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Бүгүн көтөрүү боюнча токтом долбоору депутаттардын кароосуна коюлат.

«Бактыбек Кудайбергенов 2021-жылдын сентябрь айынын ичинде Бишкек шаардык кеңеши менен коомдук транспорттогу тарифтерди көтөрүү маселесин иштеп чыгууга убада берди. Компания өкүлдөрү макул болушуп, маршруттук таксилердин айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылышты », — деп кошумчалашты мэриядан.