“Кумтөр” кени боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президенттер камалышы мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Атайын кызматтын башчысы бул иштин айланасында эч кандай саясий куугунтук жок экенин белгиледи.

“Кимдин тиешеси болсо кыргыз элинин алдында жазага тартууга милдеттүүбүз. Биз ошол милдетибизди аткарып жатабыз. Ал жерде мурдагы премьер-министрлер, спикерлер, депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер бар. Керек болсо мурунку президенттерди дагы жоопко тартышыбыз мүмкүн. Себеби алардын да түздөн-түз тиешеси бар. Кумтөр кенин акыркы 25 жылда талап-тоноп, анын айланасында чиновниктер марионетка болуп калганын элибиз көрдү. Мындан ары эми андай болбойт”, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал кармалып жаткан саясатчыларды колдоп митингге чыккан тарапташтарына кайрылып, эгер коррупциялык ишке барган болсо мамлекеттин келечеги үчүн эч кимди аябай турганын эскертти.