Бишкекте троллейбустар иш убактысын узартышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
“Урматтуу жарандар! Линияда маршруттук таксилер жок болгондуктан, Бишкек троллейбус башкармалыгы борбор калаадагы троллейбустардын иш графигин түнкү саат 23: 00гө чейин узартты.
Жакынкы күндөрү троллейбустар таңкы саат 5: 40тан баштап саат 23: 00гө чейин төмөнкү маршруттар боюнча жүрөт:
— No2 — «Эт комбинаты» — «Аламүдүн-1» кичи району;
— No4 — «Эт комбинаты» — Кожзавод «;
— No5 — «Тунгуч» — «Жал» кичи району;
— No6 — «8-кичи район — Батыш автобекети»;
— No7 — Ош базары — Тунгуч кичи району;
— No8 — Чыгыш автобекети — «Айыл чарба институту»;
— No9 — «Айыл чарба институту -» Аламүдүн-1 «кичи району;
— No10 — «Фрунзе заводу -» Асанбай «кичи району;
— No 11 — «Асанбай» кичи району — Чыгыш автобекети «;
— No 14 — «Жал» кичирайону — Киркомстром «;
— No 17 — «Кожзавод -» Асанбай «кичи району.
Бүгүн шаар тургундары үчүн линияда 140 троллейбус иштеди.
Урматтуу жүргүнчүлөр! Коомдук транспорт менен жүргөндө бардык санитардык нормаларды сактоону суранабыз”,-деп айтылат билдирүүдө.