Ушул жылдын 1-июнунан баштап Андижан жана Ош шаарларынын ортосунда каттам байланышы калыбына келтирилди.

«Озодлик» радиосу Өзбекстандын Транспорт министрлигине шилтеме берүү менен жазгандай, шейшемби күнү кыргызстандык Трансордо компаниясы заманбап 12 кичи автобусту ишке киргизди.

Бул каттам боюнча учуулар 2019-жылдын сентябрь айынын аягында башталган. Былтыр пандемияга байланыштуу бул аба каттамы токтотулган.

Анжиян менен Оштун аралыгы 45 чакырымды түзөт.

Өзбекстандын Транспорт министрлиги эки өлкө жарандары 72 сааттын ичинде коронавирус инфекциясына ПЧР-тест тапшырышы зарыл экенин белгиледи. Өзбекстан жарандары биометрикалык паспортторду да ала жүрүшү керектигин эскертти.