Бишкекте бүгүн, 3-июнда маршруткалардын айдоочуларынын иш таштоосу уланууда. Борбор калаада маршруттук таксилерге байланышкан кырдаал жөнгө салынмайынча автобустар жүрө берет деп билдирет мэриядан.

“Урматтуу жарандар! Маршруттук таксилердин линиядан чыгышына байланыштуу, учурда борбор калаада жарандарды бекер ташыган автобустар ишке киришти.

Унааны эл аралык «Манас» аэропорту, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана «Дордой» ассоциациясы камсыз кылат. Сиздин колдооңуз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кырдаал жөнгө салынмайынча, автобустар шаардыктарды 100 номурлуу автобус каттамы менен алып келишет.

Ошондой эле линияда 110 автобус жана 141 муниципалдык троллейбус бар.

Урматтуу менчик ээлери, такси кызматтарынын жетекчилери жана жеке такси менен алектенген жарандар, сиздерди кызматтарыңыздын тарифтерин көтөрбөөгө чакырабыз!

Азыр шаардыктарга көздөгөн жерине жетүү кыйын. Аймактык администрациялардын жардамы менен шаардыктарды акысыз ташууну уюштурдук, троллейбустар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Сизден көйгөйгө түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз.

Урматтуу жарандар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз”,-деп айтылат билдирүүдө.