5-июнда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 08:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү аймактарда таза суу убактылуу берилбейт:

— Ауэзов — Шабдан Баатыр көчөлөрү (Чүй проспектиси) — темир жол линиясы — «Учкун» конушунун аягына чейин;

— Исакеев — Шабдан Баатыр — Ауэзов — Ч. Валиханов көчөлөрү;

— Л.Толстой көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Аламүдүн дарыясына чейин;

— «Н. Төкөлдөш» (7-апрель көчөсү — темир жол линиясы — Менделеев көчөсү).

«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана суу камдап алууну өтүнөт.