Бүгүн, 3-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 371 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 169,
Ош шаарында — 40,
Чүй облусунда — 91,
Ош облусунда — 20,
Талас облусунда — 5,
Нарын облусунда — 8,
Ысык-Көл облусунда — 24,
Жалал-Абад облусунда — 13,
Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.
Ошол эле учурда 299 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.
Бир күн ичинде коронавирустан 9 киши каза болгон:
Бишкекте – 5,
Чүй облусунда – 4.