Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Эл өкүлү,  бюджеттик кызматкерлер каалаган убагында иш таштап, жоопкерчиликтен качса боло береби деген суроо салган.

“Маршрут айдоочулардын бул кылыгы элдин үстүнөн күлгөнү деп кабыл алдым. Андай логика менен кетчү болсок мугалим, врач, медсестра ж.б көптөгөн бюджеттик кызматкерлер каалаган убагында иш таштап, жоопкерчиликтен качып, окуучуларды, ооруп жаткан адамдарды ара жолго калтырып койсо боло береби?!”-деген.

Эске салсак, кечээ, 2- июнда  Бишкекте кичи маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүү талабы менен каттамга чыкпай коюшкан.

Учурда шаар тургундарын автобус жана троллейбустар таңкы саат 05:40тан түнкү 23:00 го чейин ташууда.