Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, Элчи Петер Буриан менен анын миссиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айбек Жунушалиев белгилегендей, Европа Биримдиги менен ар тараптуу өнөктөштүктү чыңдоо өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

«Европа Биримдигине пандемия учурунда өлкөбүзгө көрсөтүлгөн колдоосу, ошондой эле Брюсселдин Кыргызстанга Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек арасындагы окуяларга байланыштуу көмөк көрсөтүү тууралуу жакын арадагы чечими үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн Баткен облусуна өзгөчө статус берүү боюнча иштер жүрүүдө, анда салык, инвестициялык жеңилдиктери каралмакчы, буга байланыштуу Европа Биримдигинин өлкөлөрүн Баткен облусунун долбоорлоруна жана Кыргызстан экономикасына инвестиция салууга чакырабыз», — деди ал.

Мындан тышкары, Бишкектеги Европа Биримдиги – Борбор Азия биринчи экономикалык форумун өткөрүү боюнча демилгесине тийиштүү Айбек Жунушалиев форум алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи жана жетишилген макулдашулардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жана мониторингин камсыздоо максатында Бишкекте форумдун катчылыгын түзүүнү сунуштады.

Петер Буриан өз кезегинде өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттарында, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүдө кызматташтыкты улантууга даярдыгын билдирди. Ал пандемияны жеңүүдөгү вакцинациянын маанилүү ролун жана COVAX демилгеси боюнча Европа Биримдиги тараптан жүргүзүлүп жаткан ишти белгиледи.

Тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын катарында Кыргыз Республикасы жана Европа Биримдиги ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу жаңы келишимге кол коюуга, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте Европа Биримдиги – Борбор Азия биринчи экономикалык форумун өткөрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулады.