2021-жылы 31-майда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери УКМКнын ТИЗОсуна барып, ушул жылдын 13-апрелинде шпиондук кылды деген айып менен кармалган Марат Казакпаев менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө М.Казакпаев ден-соолугунун абалына, атап айтканда кан басымынын жогорулашына жана бөйрөк жетишсиздигине, ошондой эле камакка алынган учурдан бери ага карата эч кандай тергөө иш-аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүнө жана ага коюлган айыптарга нааразы болду.

Мындан тышкары, ал дагы эле өзүнүн кылмыш ишин жүргүзүп жаткан тергөөчүнүн фамилиясын же атын билбей тургандыгын белгиледи. Ошол эле учурда ал УКМК кызматкерлеринин психологиялык кысым көрсөтүп, адвокат И.Айткуловдун кызматынан жана ага жүктөлгөн адвокаттын кызматын кабыл алуудан баш тартып, тергөөчүлөр сунуш кылган адвокат менен иштешүүнү талап кылып жатканын айтты. Болбосо, М.Казакпаевдин айтымында, аны Бишкектеги №1 ТИЗОго которуп, ага ар кандай физикалык кысым көрсөтүүгө даяр кылмышкерлер менен бир камерага отургузабыз деп коркутуп атышат.

Андан ары тергөө абагында отурган М.Казакпаев ал мамлекеттик кызматкер эмес экендигин жана жашыруун документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин белгиледи. Бирок, буга карабастан, КР УКМК кызматкерлери андан мамлекеттик кызматкер болгон башка адамга каршы «көрсөтмө берүүсүн» талап кылышууда.

М.Казакпаев камакка алууну жана кыйноону өзүнө карата туруктуу жана күчтүү психологиялык кысым түрүндө болуп жатканын, ал буга чейин айткан кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым маселелер боюнча өзүнүн позициясы менен байланыштырат. Ал КР Акыйкатчысынын өкүлдөрүнөн бул маалыматты коомчулукка жеткирүүнү жана анын укугун коргоону суранды.