Мындай пикирин журналист Өмүрбек Тиллебаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, автобустар  былтыр ушул маалда гаражда турган жеринен телеге тартып көрсөтүлгөн, бирок абал өзгөрбөй келет.

“Урматтуу Мэрия! Эмне үчүн «Шыдыр жол» компаниясынын жапжаңы автобустарын 2 жылдан бери каттамга койбой келесиңер. Былтыр ушул маалда гаражда чаң басып жаткан жеринен телеге тартып келип көрсөткөмүн. Компаниянын директору шаардын транспорт тармагын тейлеген тиешелүү жетекчилери каттамга коюш үчүн пара сурап жатканын, ал турсун 1-2 кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын, бирок абал өзгөрбөй келатканын айтып даттанган. Сураган парасы бир эле жолу болсо бермекмин, бирок алар андан кийин да автобустардан күн сайын түшкөн акчанын белгилүү бир процентин берип турасың деп жатканын билдирген. Азыр ошол автобустарды каттамга чыгаргылачы, эл кыйналбай жыргап калсын”,-деп жазат Тиллебаев.